Жакындары анын ден соолугу жакшы эле жүргөнүн айтышты.

Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты.

2002-2005-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. 2006-2007-жылдары президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттыгына шайланган. 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

2023-жылы Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп иштеген. 

Азаттык