Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, автобус менен электробустарда жол кирени толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүү пландалууда. Ошондой эле карта менен төлөгөндөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт ичинде бир нече автобус которо алышат.

Жол кире мурдагыдай эле 17 сом бойдон калат. Ал эми чакан автобустарда жол кире 20 сом болот.

Эгер документ шаардык кеңеш тарабынан колдоого алынса, жаңы эреже 1-июлдан тарта күчүнө кириши мүмкүн.

Спутник