Бишкекке жашыл шаар макамын кайтарууга багытталган программа сунушталууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри 2026-2030-жылдарга арналган Кыргызстандагы шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу боюнча улуттук программаны коомдук талкууга чыгарды.

Анда төмөнкү иштерди аткаруу пландалууда:

- 2 миллиондон ашык бак отургузуу, 121 парк жана сквер куруу, 1 130 гектардан ашык жаңы жашыл аймактарды жана ири шаарлардын айланасына 1 100 гектар жашыл коргоо тилкелерин түзүү;
- башаламан көчөт отургузуудан баш тартып, илимий негизде жана узак мөөнөткө эсептелген пландоо системасына өтүү;
- көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды оңдоодо бактардын тамыр системасына зыян келтирүүгө, бактын түбүндөгү аянтты белгиленген нормадан азайтууга жана жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоол болгон иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу;
- бардык жашыл көчөттөрдү санариптик каттоого алып, "Жашыл аймак" аталышындагы бирдиктүү системаны түзүү;
- жоголгон ар бир көчөттүн ордуна эки эселенген көлөмдө милдеттүү түрдө жаңы көчөт отургузуу системасын киргизүү (акчалай компенсацияга жол берилбейт);
- тамчылатып сугаруу жана өзү сугаруучу системаны киргизүү.

2030-жылга чейин бийлик көчөттөрдүн жашап кетүү деңгээлин 75-80 пайызга жеткирүүнү жана кеминде 400 миң бакты санариптик паспорттоодон өткөрүүнү пландоодо.

Жашылдандырууда артыкчылык Бишкекке эле эмес, Ош, Манас, Кара-Балта, Токмок, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларына да берилет.

Спутник