Кайрылуунун авторлору мындай чаралар кызматкерлердин өздөрүнө да, алардын үй-бүлөлөрүнө да терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептешет.

Петициянын текстинде кыскартуу кеминде 1,5 миң адамга таасирин тийгизери белгиленген, анткени көптөгөн кызматкерлер үй-бүлөсүн жалгыз багуучулар болуп саналат. Демилгечилер бийлик оптималдаштыруунун себеби катары Салык кызматын санариптештирүүнү атап жатканын, бирок, алардын пикиринде, бул процесс али аяктай электигин баса белгилешет.

Петициянын авторлору аймактардын тургундары дагы эле электрондук кызматтарды колдонууда кыйынчылыктарга, кезек күтүүлөргө жана салык кызматкерлеринен жардам суроо муктаждыгына туш болуп жатышканын билдиришет. Кайрылууда адистер көбүнчө жарандарга тутум менен иштөөгө жардам берип, иш жүзүндө процедуралардын бир бөлүгүн алардын ордуна аткарып жатышканы айтылат.

Ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү бул этапта жүктөмдү азайтпастан, тескерисинче, жумуштун көлөмүн көбөйткөнү белгиленген. Авторлордун пикиринде, санариптик кызматтарга толук кандуу өтүү үчүн кызматкерлерди да, калкты да окутууга кошумча убакыт керек.

Кайрылуунун демилгечилери президенттен штатты кыскартуу чечимин кайра карап чыгууну жана санариптик тутум толук киргизилип, натыйжалуу иштегенге чейин жумуш орундарын сактап калууну суранышат. Жыйынтыгында авторлор жарандарды петицияны колдоп, кол коюуга чакырышат.

    
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/375360/