Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда сел жүргөн аймактарда абалды турукташтыруу максатында ӨКМден 116 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 325 кызматкер тартылды.

Селдин кесепетинен Отуз-Адыр айыл аймагындагы Сары-Колот айылында турак үйлөр жана жол инфраструктурасы жабыркаган.
Жалпысынан 54 турак үй, жети короо-жай, жети сарай, эки мектеп жана бир бала бакча жабыркап, болжол менен 15 гектар эгин талаасы зыянга учураган. Ошондой эле кыян бир кой, бир торпок, 11 тоок жана бир күчүктү агызып кеткен. Үч жеңил жана бир оор жүк ташуучу унаанын ичине сел суулары толгон.

Буга чейин Кара-Сууда 48 баш койду сел алып кеткени кабарланган. Ошондой эле Манас шаарына да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Спутник