Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Тажикстандан 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегация катышат.

Программанын алкагында концерттер, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана тасмаларды көрсөтүү уюштурулат. Иш-чаралардын графиги:

18-май:

10:00 — Улуттук китепканада «Турсунзода жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аттуу илимий-адабий жолугушуу;
16:00 — «Ала-Тоо» кинотеатрында «Өмүр керемет» тасмасын көрсөтүү.
19-май:

10:00 — Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы;
14:00 — «Ала-Тоо» кинотеатрында «Рустам тууралуу баян» тасмасын көрсөтүү;
18:30 — Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда маданият күндөрүнүн ачылыш аземи.
20-май:

14:00 — «Ала-Тоо» кинотеатрында «Чындык издеп» тасмасын көрсөтүү.
21-май (Чолпон-Ата шаары):

18:00 — «Рух-Ордо» маданий борборунда маданият күндөрүнүн жабылуу аземи.

Министрлик бул иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатканын билдирди.

Репортер