Бул өзгөртүү март айындагы жазгы каникулдун узартылышына байланыштуу болууда.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чаралар эртең мененки саат 9:00дө башталат. Бул буйрук бардык мектептер үчүн бирдей жүргүзүлөт.

Акча чогултууга, ошондой эле кафе-ресторандарда бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө жана жаратылышка чыгууга катуу тыюу салынат.

2-июндан тарта бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы башталып, ал 13-июнга чейин уланат.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:

2-июнь — Математика;
5-июнь — Эне тили жана адабияты (баяндама);
9-июнь — Мамлекеттик тилден комплекстүү тест;
12-июнь — Кыргызстан тарыхы.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:

2-июнь — Эне тили жана адабияты (эссе);
5-июнь — Математика;
9-июнь — Кыргызстан тарыхы;
12-июнь — Мамлекеттик тилден комплекстүү тест.

Дене тарбия нормативдерин тапшыруу 14-майдан 22-майга чейин пландаштырылган.

    
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/373975/