Түркиянын ЖМКлары жигит велосипед менен бара жатып такси менен сүзүшкөнүн, жерине келген медиктер анын каза болгонун тастыкташканын жазды.

Маалыматка караганда, анын сөөгү экспертиза жүргүзүү үчүн Антальянын моргуна жөнөтүлгөн.

Жол кырсыгынын жагдайлары боюнча иликтөө башталды. Таксинин айдоочусу көрсөтмө берүү үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Тышкы иштер министрлиги маалымат такталып жатканын билдирди.

Sputnik