Жакында соцтармактарда Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы фонтанга сууга түшкөн кыздын видеосу соцтармактарга тараган болчу.
Бул боюнча Биринчи май РИИБи тарабынан катталып жана текшерүү иштери башталган.
Жыйынтыгында, 1991-жылы туулган Ж.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар аныкталды.
Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) жана 109-беренеси (анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу) боюнча протоколдор түзүлдү.