Болот Апилов Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Медетбек уулу Асхат ээлеп келген.

   
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/364251/