Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү алтын зер буюмдарды сатам деген шылтоо менен К.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, жалпы суммасы 5 154 600 сомдук алтын буюмдарды алып, из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 39 жаштагы С.А. кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik