9-февралдан 15-февралга чейин өлкө аймагында 26 миң 916 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 974;
-Мас абалында унаа башкаруу — 427;
-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу −151;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 627;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 751;
-Авто ээнбаштык −22;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 629;
-Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 628;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

24.kg