2025-жылы өлкө боюнча жалпысынан 1600 чакырымдан ашык жолдо ремонт иштери аткарылып, анын ичинен 1 545 чакырым жолго асфальт төшөө, 11 чоң көпүрө куруу иштери жүргүзүлгөн.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.
“Министрликтин 2024-жылга карата бюджети 22 млрд сом болсо, былтыркы жылкы бюджети 57 млрд сомду түзгөн. Анын ичинде капиталдык салымдар беренесинин, Жол фондунун каражаттары жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каражаттар чоң долбоорлорго бөлүштүрүлүп берилди. Буга чейин көпчүлүк ири долбоорлор чет өлкөлүк донорлордун эсебинен аткарылып келген болсо, акыркы 2 жылда 80 пайыз курулушукка республикалык бюджеттен каражат жумшалууда”, - деди Базаралиев.
Айтымында, бюджеттин эсебинен бүгүнкү күндө инвестициялык долбоорлордун көлөмүнөн кем эмес ири долбоорлук курулуштар башталгандыгын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары өз сөзүндө белгиледи.
“Былтыр 6 тилкелүү Бишкек шаарындагы түндүк айланма жолунун курулушун баштадык. Быйыл экинчи этабын улантып келе жатабыз. Андан сырткары, дагы бир чоң жетишкендик Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушун баштадык. Ал жакта 30дан ашык чоң жана эстокадалык көпүрөлөр долбоордо каралган”, - дейт министрдин биринчи орун басары.
Ал эми быйыл, 2026-жылга өлкөдө жол курулуш тармагында ири иштер пландалууда.