2026-жылдын 9-февралында Нарын областынын прокуратурасы тарабынан областтык прокуратура органдарынын ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин жыйыны жеке ишкерлердин катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө областтын прокурору А.К. Кубатидинов аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалар, бизнес коомчулугу жана Бизнес-акыйкатчы институту менен өз ара тыгыз аракеттенүү аркылуу ишкердик субъекттердин жана инвесторлордун укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле ишкердик субъекттердин жана инвесторлордун укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келүүчү системалык көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды жоюу боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленди.