Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында ал облустук ички иштер органдарынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Иш-чарага Баткен ОИИБдин жетекчилиги, бөлүмдөрдүн жана кызматтардын башчылары, ошондой эле райондук жана шаардык ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары катышты.
Кеңешмеде Баткен облусунун ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кетирилген кемчиликтер, алардын келип чыгуу себептери жана аларды жоюу боюнча чаралар талкууланды.
Адылбек Бийбосунов өз сөзүндө өздүк курамдын кызматтык ишмердүүлүгүн уюштуруу жана тиешелүү көзөмөлдү камсыздоо үчүн түздөн-түз жетекчилердин жеке жоопкерчилигине көңүл буруп, кызматтык тартипти катуу сактоо зарылдыгын белгиледи.
Андан сырткары, кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, кесиптик жана күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле мыйзамдардын жана ведомстволук ченемдик актылардын талаптарын так аткаруу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.
