Возможно, это изображение Арктика и текст "ДЕПАРТАМЕНТ ДЕПиТОРИНгА, ПРОГНОЗИРОВАНИЯ ПРОГ ЧРЕЗВЫЧАЙНЫХ МОНИТОРИНГА, ИТОРИНГА СИТУАЦИЙМЧСКР сит УАЦИИ ТУАЦИЙМЧС МЧСКР РЕсПУБЛИКАДА 11 мин 388 КООПТУУ ТИЛКЕЛЕР АНЫКТАЛГАН"

Бүгүнкү күндө республика аймагында 11 миң 388 кооптуу участок аныкталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кооптуу табигый процесстерге 2025-жылы 1932 изилдөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган тилкелер тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына 405 атайын эскертме берилип, 1236 корутунду чыгарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 2026-жылга карата кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү багытында сел, суу ташкын жана жер көчкү коркунучтары кайсы аймактарда жогору экенин көрсөткөн карталар түзүлдү. 

Аталган шарттарды эске алуу менен, облустук башкармалыктарга кооптуу табигый процесстердин мүмкүн болгон активдешүүсүнө алдын ала даярдык көрүү, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо, калкка эрте кабар берүү механизмдерин күчөтүү, коркунучтуу участоктордо профилактикалык жана инженердик чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.