Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов күн мурун 30-январда Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев мырза баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жолугушуунун максаты - ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлордун абалын жана аткарылышын талкуулоо, ошондой эле Глобалдык экологиялык фонддун жаңы долбоору менен таанышуу болду.
Министрдин биринчи орун басары Кыргызстанда токойлор жана жайыттар аркылуу климаттык инвестициялардын негизинде таза абаны сактап калууга багытталган долбоорлор боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын айтты. Бул аракеттер өлкөнүн жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүү үчүн гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди көрүү үчүн да стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Олег Гучгельдиев мырза Кыргызстандын жайыт жерлерин жана токойлорун өнүктүрүүгө, биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калууга, оорулардан коргоого багытталган иштерди алып барууга кызыкдарлыгын белгилеп, буга чейин аткарылып келген долбоорлорду ийгиликтүү улантууну жана жемиштүү натыйжага жетүү демилгелерин ар дайым колдоорун кошумчалады.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү чечимдерди кабыл алуу ниеттерин билдирип, өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатуу боюнча пикирлерин бекемдешти.