Возможно, это изображение один или несколько человек

30-январда №98 байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин IT кыска мөөнөттүү курсун аяктаган угуучуларга сертификат тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Курсту ийгиликтүү бүтүргөн 30 угуучуга сертификаттарды Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана Чек ара кызматынын Байланыш жана автоматташтыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмаз Абдылдаев тапшырды.

Лицейде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байланыш жана автоматташтыруу башкармалыгынын өздүк курамы үчүн «Видеокөзөмөлдүн электр куроочусу» курсу уюштурулган.