Кыргызстанда сутка ичинде 4 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Чүй облусунда – 1, Баткен облусунда -1, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.