КР УКМК террордук акт жасоону көздөгөн интернет-террористин аныктады. Ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Казарман реклама» баракчасына Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы бала бакчаларда жана орто мектептерде пландаштырылган террордук чабуулдар тууралуу билдирүү жарыялаган.
Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Тогуз-Торуй районундагы орто мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Б.К. интернет-террористтердин таасирине кабылып, мажбурлоо жана психологиялык таасир астында террордук акт жасоону көздөгөн.
Учурда кармалган жаранга карата КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү максатында КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жарандарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик 14 жаштан баштап караларын жана терроризм актысын жасаймын деп коркутуу үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.