2026-жыл 26-январь, Өлкө аймагындагы авто жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Бишкек-Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел,  Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында,  Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль  жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда жана Түп –Кеген жолунда  каттам бар, жол ачык. 

Учурда жолдордо, ашууларда кар күрткɵлɵрүн  тазалоо кум- туз аралашмасын чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө. 
Алыс жолго чыккан айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жол эрежесин  сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.