Кечээ, 25-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкектин түндүк айланма жолундагы курулуш иштерин жеринен көзөмөлдөдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, жол тыгынын алдын алуу максатында Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 230-236-чакырымдар аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү үч жол түйүнү каттам үчүн убактылуу пайдаланууга берилди. Жаз алды менен асфальт басуу иштери уланат.
Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан кышкы курулуш нормаларын сактоо менен калган тилкелерде жер жумуштары уланууда.
Министр Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана графикке ылайык жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 км тагыраагы, Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы