Соцтармактарда Курулуш министрлигиндеги кызматкерлердин айлыктары боюнча талкуу болууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык баракчасы аркылуу комментарий берди.
"Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат.
Тагыраак айтканда ким кандай иштесе, ошончо айлык алат. Биздин кызматкерлер - иш издеген кызматкерлер. Айтайын дегеним, биздин кызматкерлер тар профилдүү (узкопрофильный) кызматкерлер.
Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын эмгеги ЭМГЕК-базарында талаштуу. Бул кызматкерлер көп кабаттуу, оор инженердик объектилердин курулушунун тийиштүү документтерин жана проектилерин текшерип, ошол объектилерге жооп берүүчү кызматкерлер. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алат.
Урматтуу мекендештер!
Тийиштүү билими бар жана иштөөгө даяр жарандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык. Тиешелүү профилдеги адистер бизге келип иштеңиздер",-дейт ал.