Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:16да Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Алардын күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында өрт саат 12:18де толук өчүрүлдү.

КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен 1994-жылы туулган эркек адам колунан жеңил жаракат алды.

Булак: Region телеканалы