Крушение поездов в Испании: пострадавших кыргызстанцев не зафиксировано

Испаниядагы темир жол кырсыгындагы каза болгондордун арасында кыргызстандын жарандары катталган жок. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 18-январында Испания Королдугунун түштүгүндө, Адамус калктуу конушунун аймагында эки жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен алдын ала маалыматтарга ылайык кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.

Испания Королдугунун компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматына ылайык, учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган жок. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Франция Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар жана өтүнүчтөр түшкөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Элчилиги Испания Королдугунун компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турат.