Күн мурун «Манас» эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалып жатканын, долбоор менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жеринде таанышканы кабарланган. Ага ылайык, бүгүн 19-январда борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев Регион телеканалына маек берип жатып, эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол профсоюзная көчөсүнө чейин созула турганын билдирди. "
"Жеринен барып долбоор менен таанышып келдик, баштапкы сметалары даярдалып жатат. Бул жолду Транспорт министрлиги кура турган болду",-дейт калаа башчысы.
Белгилей кетсек, төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.
Аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи.