2026-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Эл акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинде А.Осмоновдун мажар тилине которулган ырлар жыйнагынын алгачкы нускаларын тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул адабий долбоор белгилүү мажар түркологу Шомфаи Кара Давид тарабынан Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып, кыргыз классикалык поэзиясын жайылтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган. Котормолор Алыкул Осмоновдун философиялык ой толгоолорунун тереңдигин, гуманисттик баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук колоритин чагылдырган эң маанилүү чыгармаларын камтыйт.

Долбоорду ишке ашырууда демилгенин башкы демөөрчүсү, белгилүү юрист жана меценат Ф.Папчак өзгөчө роль ойноду. Анын колдоосунун аркасында кесипкөй котормо иштерин жүргүзүү, ошондой эле жогорку адабий жана басма стандарттарына жооп берген материалдарды даярдоо мүмкүн болду.