Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана мурдагы орун басарына жакында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылганы белгилүү болгон. 

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети төмөнкүлөрдү билдирет: 

"А.А.К. жана К.И.Н. 2024-жылдын 6-декабрында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу, башкача айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексине коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин кармалган.

Буга байланыштуу, аталган адамдар КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясы боюнча соттолуп, анда айыпталуучу (соттолуучу)  күнөөсүн моюнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда, мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айып пул салуу каралган.

А.А.К. жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан.

Кылмыш ишинин негизги фигуранттарынан алынган моюнга алуу көрсөтмөлөрү, ошондой эле тергөө жана ыкчам иш-чаралар салык кызматынын системасындагы, тагыраагы  "Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратынын текшерүүлөр башкармалыгынын кызматкерлери жана жогоруда аталган кызмат адамдары катышкан коррупциялык схеманы аныктоого жардам берди.

КР УКМК тарабынан ишке ашырылган бир катар чаралардын, анын ичинде аныкталган коррупциялык схеманы жок кылуунун натыйжалары өлкөнүн салык органынын 2025-жылга карата салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча белгиленген планды толук аткаруусуна, ошондой эле алардын кирешесинин пландаштырылгандан 40 миллиард сомго көбөйүшүнө өбөлгө түздү.

КР УКМК калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыктары, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берилерин билдирет".

Салык органынын мурдагы жетекчилигинин коррупциялык схемасынын чоо-жайы «ЭЛТР»  коомдук телеканалынын журналисттик иликтөөсүндө баяндалган: