Бир жарым миңдей кыргызстандык бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдүн абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул тууралуу депутат Бактияр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Көбү Россиянын түрмөлөрүндө отурушат. Эми муну тагдырдын буйругу дейбизби, кээ бири билбестиктен мыйзам бузса, кээ бири подставага туш келип калышкан. Алардын арасында беш жылдап өз мекенине экстрадиция болууну күтүп жаткандар бар. Бул жакта туугандары, жакындары, ата-энеси күтүүдө. Мамлекет жарандарын коргоого милдеттүү", - деди депутат.
Ал бир жарым миң деген жөн гана цифра эмес, бул мекендештердин тагдыры экенин эске салды.
Тийиштүү органдардан экстрадициялоо ишин ылдамдатууну талап кылды.