Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы өзүнө таандык тасмаларды укук ээси менен тиешелүү келишимсиз пайдаланууга жана таратууга жол берилбестигин эскертет.
Киностудия билдиргендей, мыйзамдарга ылайык, мурда жаратылган аудиовизуалдык чыгармалардын укук ээси аларды өндүргөн мекеме болуп эсептелет. Ошого байланыштуу фильмдерди кайра өндүрүү, көрсөтүү, эфирге берүү, интернетте, социалдык тармактарда, стриминг жана башка платформаларда жайылтуу укугу укук ээсине гана таандык.
Буга байланыштуу "Кыргызфильм" медиарыноктун бардык катышуучуларын автордук укук талаптарын сактоого чакырып, мыйзам чегинде кызматташууга даяр экенин белгилейт. Уруксатсыз пайдалангандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Булак: Кабар