Таиланддын Пхукет шаарында, Korawich Marine 888 сейилдөө катеринин балык уулоочу кеме менен кагылышуусунан 55 адам жабыркагандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги Таиланд Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу менен биргеликте дароо тиешелүү иштерди уюштуруп, аталган кемеде Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар экендигин аныктоого жана алардын абалы тууралуу маалыматтарды тактоого багыттады.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында сейилдөөчү катерде Кыргызстандын эки жараны болгондугу аныкталып, алар менен түз байланыш түзүлдү. Алынган маалыматтарга ылайык, окуянын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркаган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги аталган жарандар менен байланышта болууну улантып, кырдаалды өз көзөмөлүндө кароодо. Алынган маалыматтарга ылайык, эки жаранындын мекенине кайтып келүүсү 2026-жылдын 15-январына мерчемделүүдө.