УКМКсы тарабынан жаранга өзгөчө оор залал келтирүү жана Өзгөн РИИБнин кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан ашып кетүү фактылары боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн районунда милиция кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, мыйзамда каралган процессуалдык документтерди тариздебестен Куршаб ИИБге жеткиришкен.



Кийинчерээк кармалгандарга күч колдонулган, натыйжада алардын бирине өзгөчө оор залал келтирилип, баш сөөгү жабыркаган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту жана 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту менен каралган кылмышты жасоого шектелип, Өзгөн РИИБнин кызматкерлери «С.Х.», «И.у.К.» жана «А.А.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
"КР УКМКсы жарандарды кайдыгер карабастан, кызматтык ыйгарым укуктардан ашып кетүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамга каршы аракеттер тууралуу билдирүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.