Карылар үйүнүн паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир палатасында болжол менен 30 чарчы метр аянтты каптаган өрт чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү бөлүмү  9 мүнөттүн ичинде жерине жетишкен. Мекеменин өзгөчө статусун эске алуу менен, өрттү өчүрүүгө төрт даана өрт өчүрүүчү техника, ошондой эле тез жардам жана медициналык жардам бригадалары  тартылган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев окуя болгон жерге келишти.

Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен оор абалда жаткан паллиативдик бөлүмдүн эки бейтабы каза болду. Дагы 11 бейтап ооруканаларга жеткирилип, көмүртек кычкылы менен уулануу коркунучунан улам байкоого алынган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын июль айында мекемеде өрт жана тактикалык машыгуулар өткөрүлүп, бардык өрт коопсуздугу чаралары белгиленген тартипте сакталган.

Карылар үйүнүн негизги имараты жабыркаган эмес. Өрт паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир гана палатасында болгон. Зарылчылыкка жараша эвакуация жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга окуянын жагдайларын аныктоо үчүн бардык документтерди кылдаттык менен карап чыгууну тапшырды.

Өрттүн себеби компетенттүү органдардын тыянагынын негизинде аныкталат.