Кыргызстанга пандемияларды алдын алууга 31,79 миллион доллар берилет.

Тиешелүү макулдашуу ратификацилоо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилген. Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан “Бирдиктүү ден соолук” программасынын 1-фазасын ишке ашырууга бөлүнүүдө.

Долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралган:

жаныбарлардан адамга жугуучу ооруларды көзөмөлдөө, диагностика жана дарылоону жакшыртуу

антибиотиктерге туруктуулуктун алдын алуу (антибиотиктерди рационалдуу пайдалануу жана альтернативалуу ыкмаларды киргизүү)

азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо (өндүрүш жана кайра иштетүү баскычтарында санитардык көзөмөлдү күчөтүү)

Каражаттын 30 миллион доллары 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен үстөксүз кредит. Калганы грант.

Булак: sputnik.kg