Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

30-декабрда Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын Төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, Талас шаарынын тургуну 5 баланы жалгыз өзү тарбиялап келе жаткан Керимбаева Толгонай Таласбаевнага (маркум УКМКнын подполковниги Б.М.О. жубайы) жардам иретинде материалдык көмөк көрсөтүлдү. 

Андан сырткары, Толгонай Керимбаевага жана анын балдарына Жаңы жыл майрамына карата белектер берилип, патриоттук сезимде тарбиялоо максатында, маркум УКМКнын кызматкерлери ар дайым эсте жана алардын жакындары өзгөчө мамилеге ээ экенин билдирип, Талас облусу боюнча  УКМКнын имараттында жыйын өткөрүлдү.

Белгилеп кетсек, 2023 жылы, Т.Керимабаеванын генерал-полковник Камчыбек Ташиевге кайрылусу канааттандырылып, Талас шаарынан 3 бөлмөлүү батир Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан кезексиз бөлүнүп берилген.

Жашы жете элек 4 балдарына ай сайын УКМКдан пенсия төлөнүп келет.

Возможно, это изображение ребенок и текст