
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде Маруп уулу Калдарбек 2025-жылдын 29-декабрынан тартып Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын көркөм жетекчиси кызматына 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Маруп уулу Калдарбек 1997-жылдын 12-августунда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Гур айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2019-жылы Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетин музыкалык билим берүү адистиги боюнча аяктаган. 2023-жылы ушул эле окуу жайдын Искусство факультетинде көркөм билим берүү багыты боюнча магистратураны бүтүргөн.
Кесиптик ишмердүүлүгүн 2019-жылдан бери Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда улантып келет.
Музыкант жана аранжировщик катары концерттик программалар үчүн аранжировкаларды жана үн жазууларды даярдоо, фольклордук жана эстрадалык топтор үчүн партитураларды жазуу, ансамблдерди жана чыгармачыл жамааттарды башкаруу, дирижёрлук ишмердүүлүк менен алектенип келет.
Ал “Aalam” фольклордук-эстрадалык тобунун жана “Aalam” продюсердик борборунун негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси. Дүйнөлүк жана республикалык деңгээлдеги фестивалдардын активдүү катышуучусу болуп, салттуу музыка менен заманбап музыканы айкалыштырган автордук долбоорлорду ишке ашырып келет.
Маруп уулу Калдарбек — бир катар автордук музыкалык чыгармалардын жаратуучусу. Анын күүлөрүнүн катарына “Кылым күүсү”, “Доор”, “Манас руху”, “Залкарларга таазим”, “Кулун” кирсе, ырларынан “Ата-эне”, “Ак гүлүм”, “Сүйүү”, “Махабатым” кеңири таанымал.