УКМК күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу ишти иликтөөнүн алкагында, бул трагедияга алып келген жаңы жагдайларды аныктады. 

Маалым болгондой, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен  үч баланын энесинин өлтүрүлүшү боюнча иш атайын кызматтын өндүрүшүнө алынган. 

Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн жана бул өтө оор кылмыштын келип чыгышына себеп болгон шарттарга жана жагдайларга өзгөчө көңүл бурулган. 

"Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумга өмүрүнө жана ден соолугуна карата коркунуч тобокелчилиги "Жогорку деңгээл" болуп белгиленген коргоо ордеринин берилиши боюнча жаңы жагдайлар аныкталды", - деп билдирет УКМК. 

Бирок маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин аймактык инспектору Ж.Н. кызматтык милдетине шалаакылык кылып, жабырлануучунун бир нече жолку кайрылуусун көңүл сыртында калтырган, жабырлануучунун жана анын балдарынын коопсуздугун сактоо боюнча чараларды көргөн эмес. 

Андан тышкары, мыкаачылык менен киши өлтүрүү болгондон кийин Ж.Н. өзүнүн кылмыштуу көңүл коштугун жашыруу максатында, кылмышкердин жашаган жерине буга чейин текшерүү жасалганы тууралуу калп актыны өткөн число менен түзгөн. 

Тергөө ошондой эле Бишкек ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору А.К. мыйзам нормаларын одоно бузуу менен айыпталуучуга травматикалык тапанча алып жүрүүгө уруксат берген документтердин мөөнөтүн узартып берген. 

Кылмыш болгон учурда тапанча алып жүрүү мөөнөтү аягына чыккан, бирок А.К. айыпталуучудан тапанчаны алуу боюнча чара көргөн эмес. 

29-декабрда УКМК аталган милиция кызматкерлерине карата кызматтык кылмыштар боюнча кылмыш ишин козгоду жана алар ошол эле күнү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылып, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тергөө учурунда аларды сотко чейинки камакка алуу чечимин чыгарды.

Тергөө уланууда жана анын жыйынтыгы боюнча бардык жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери кылдат текшерилип, тиешелүү юридикалык баа берилет.