КР УКМК тарабынан "Балыкчы - Бөкөнбаев-Каракол" авто жолунун курулушунун үч участогу боюнча "Кыргыз Жол Курулуш" ЖЧКсы тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындагы авто жолдун курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жыйын өткөрүп, аталган жолдун куруу иштерин колго алган «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы тарабынан 5 жыл аралыгында берилген жолдун мерчемделген бөлүгүн белгиленген убакта бүткөрбөгөндүгү үчүн, ЖЧКнын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиевди камакка алуу тапшырмасын берген.
УКМК билдиргендей, тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерин бузгандыгы, Республикалык маанидеги автожолдун өз убагында бүткөрүлбөй калышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, коммерциялык уюмдун кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсынын жана «ИС-Саби Холдинг» ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жаран И.М.И. кармалып, Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.