Камчыбек Ташиев 23-декабрда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Жибек Урустемованын окуясы өз ишине шалаакылык кылган укук коргоо органдарына ачуу сабак болушу керектигин билдирди. 

Ал бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча Башкармалыгынын Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты. 

"Бул окуяга укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги себеп болду. Бул боюнча тиешелүү жетекчилер жоопко тартылат. Мурдагы милиция кызматкеринин мыкаачылыгынын айынан 3 баланын энеси атып өлтүрүлдү. Жибек Урустемовага коргоо баракчасы берилген экен, берилгенден кийин аймактык милиционер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдан кабар алып, кантип корголуп жатканын байкап, укугу кордолбой жатабы, баарын сурап турушу керек эле. Анын баары жасалган эмес. Коргоо баракчасын колуна карматып коюшкан дагы, андан ары эч кимдин иши болгон эмес, "кандай жашасаң, ошондой жаша" дегендей кылып коюшкан. Азыр бул ишти УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тергеп баштады. Анын аягына чыгабыз. Укук коргоо органдарынын дагы жоопкерчилигин карайбыз", - деди Ташиев. 

Ал укук коргоо органдарын аялдардын, жаш балдардын укуктарын өзгөчө кылдаттык менен коргоого чакырды. 

"Мындай окуя болбошу керек эле. Турмуштун бул ачуу чындыгы бизге чоң сабак болду. Бир аял кишини атып салды деп отура бербестен, анын алдыгдагы жоопкерчиликти сезишибиз керек. Жибек Урустемованын алдында баарыбыз жоопкер болдук, мен дагы жоопкерчилигимди сезип турам. Коргоп калганга, сактап калганга мүмкүнчүлүк болгон жок.  Биз аны коргоп турушубуз керек эле. Зөөкүр күйөөсү биздин аны коргоп жатканыбызды сезиши керек эле. Мындай нерсе кайталанбашы керек", - деди УКМК төрагасы. 

Ошондой эле ал бардык укук коргоо, прокуратура, коопсуздук органдарына жана жергиликтүү бийликке бул маселени чогуу талдап, зордукчу жана ага ыктаган жарандарды алдын ала байкап, профилактикалык иштерди жүргүзүп турууну тапшырды.