Кыргызстанда аялдарга, жаш балдарга болгон зомбулукту токтотуу үчүн алдын алуу чаралары күчөтүлүшү керек. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча Башкармалыгынын Ак-Суу районунун бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу аземинде билдирди. 

Ал акыркы учурда зомбулук фактылары көп катталып жатканын белгилеп, укук коргоо органдарын зордукчуларга мыйзам чегинде чара көрүүгө чакырды. 

"Жер-жерлерде зордукчулар көбөйдү, аларга мыйзамдын чегинде гана чара колдонуш керек. Андайларды каттоого алып, жүрүм-турумун карап тургула, эгерде мыйзамдан чыгып баратса, тез арада чара көргүлө. Эч кимди карабагыла, ага силердин укугуңар бар, өзүңөрдүн жумушуңарды так, даана аткаргыла", - деди Ташиев. 

Ал зордук-зомбулукка кабылган эркек кишилер сейрек кездешерин, жабырлануучулар көп учурда аял кишилер, жаш балдар болуп жатканын айтты. 

"Кыз-келиндер ыдык көрүүдө, корголбой калып жатат. Мындан ары баарыңар жооп бересиңер. Айткан сөзүмдү бардык жерге таркатып койгула. Бул бүт республикага тиешелүү, кайсы айыл өкмөтүндө, райондо зомбулук боло турган болсо, укук коргоо, коопсуздук, жергиликтүү бийлик органдары жооп берет. Айыл жерлеринде билинбеген канча зомбулук болуп жатат", - деди УКМК төрагасы.