"Көпчүлүк үй бүлөлөрдө нааразычылык айтылган жерде сөзсүз түрдө уруш жана бири бирин айыптоо башталат. Биз адатта сөздү "сен" деген сөздөн баштайбыз. "Сен кечигип келдиң" же "сен мага жардам бербейсиң" деп айтканыбызда, өнөктөшүбүз дароо коргонуу позициясына өтөт. Анын мээсинде бул кол салуу катары кабыл алынат. Ошондуктан ал сизди уккандын ордуна, кайра сизге чабуул жасап баштайт. Бул чынжырды үзүү үчүн психологияда "мен билдирүүсү" деп аталган ыкманы колдонуу зарыл", - деген психолог Венера Бокотаева жубайлардын ортосундагы түшүнбөөчүлүктү чыр-чатаксыз чечим алуунун жолун сунуштады.

🟢 Нааразычылыкты туура жеткирүү - бул биринчи кезекте өзүңүздүн сезимдериңиз жөнүндө сүйлөө болуп саналат. Сиз жолдошуңузду айыптабастан, болгону ошол кырдаалда өзүңүздү кандай сезип жатканыңызды айтыңыз. Мисалы, "сен мени менен сүйлөшпөйсүң" дегендин ордуна, "мен өзүмдү жалгыз сезип жатам" жана "сени менен пикир алышууга муктажмын" деп айтып көрүңүз. Бул учурда эркекте өзүн күнөөлүү сезбестен, сизге жардам берүү же сиздин көңүлүңүздү көтөрүү каалоосу ойгонот.

🟢 Экинчи маанилүү кадам - бул нааразычылыкты топтобой өз убагында айтуу. Көптөгөн айымдар баарын ичине сактап жүрө беришет дагы, бир күнү кичинекей эле нерседен жарылып кетишет. Мындай учурда нааразычылык конструктивдүү болбой калат. Сүйлөшүү үчүн тынч учурду тандаңыз. Жолдошуңуз чарчап же ачка болуп турганда маанилүү темаларды козгобогонуңуз оң. Сиздин максатыңыз жеңип чыгуу эмес, болгону ортодогу түшүнбөстүктү жоюу экенин унутпаңыз.

🟢 Сиздин үнүңүздүн тону жана дене тилиңиз сөзүңүздөн да маанилүү роль ойнойт. Эгер сиз жумшак жана ачык маанайда сүйлөсөңүз, сиздин сөзүңүз жолдошуңуздун жүрөгүнө жетет. Назиктик - бул аялдын эң чоң куралы. Сиз талап кылбай болгону суранганыңызда эркек киши сиз үчүн баарын жасоого даяр болот. Өзүңүздүн ички гармонияңызды сактоо менен сиз үйүңүздөгү атмосфераны толугу менен өзгөртө аласыз.