29-декабрда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында кыргыз кино тарыхында биринчи жолу тартылган жоокердик-тарыхый сериал — «Өрт кечкен сөйкө» аттуу көркөм теледолбоордун бет ачары өтөт. Иш-чара саат 11:00дө башталат.

Сериал «Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк мамлекеттик бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Кинодепартаменттин колдоосу менен, «Олокон-Медиа» продакшн студиясы аркылуу тартылган.

Жоокердик-тарыхый сериал 8 сериядан туруп, ар бир сериясынын узактыгы 50 мүнөт. Чыгарма Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Мекенди коргоо үчүн ыктыярдуу түрдө фронтко кеткен 1395 кыргызстандык кыздын, ошондой эле жалпы кыргызстандык жана советтик жоокерлердин эрдигин, мекенчилдигин жана биримдигин чагылдырат.

Сериал чыныгы тарыхый окуяларга жана реалдуу каармандарга негизделип, көркөм формада жалпылаштырылган. Анда Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чыккан жоокер кыздардын тагдырлары баяндалат. Алардын арасында Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Евдокия Пасько (Каракол), хирург Рафа Айдарбекова (Чүй облусу), зенитчи Тамара Балтабаева, ошондой эле фронтто кызмат өтөгөн радисттер, чалгынчылар, снайперлер жана фельдшерлер бар.

Мындан тышкары, сериалда жаш панфиловчу жоокер, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Эл акыны Сооронбай Жусуев, ошондой эле фронтто бир катар каармандыктарды көрсөткөн учкуч Абдыкерим Кармышаковдун образдары да берилет.

Долбоордун жаратуучулары сериал аркылуу согуштун кесепеттери аркылуу тынчтыктын, мекендин жана ынтымактын баалуулугун көрсөтүп, жаш муундарды мекенчилдикке үндөөнү максат кылышкан.

Көркөм сериалдын башкы продюсери — Жеңишгүл Өзбекова.
Режиссёр-постановщик — Мурат Мамбетов.
Операторлор — Талант Ургазиев жана Санжар Абдыжапаров.
Сүрөтчү — Төлгөбек Койчуманов.
Сценарий авторлору — Гүлмайрам Саалаева, Жыпар Исабаева, Гүлзар Жумагулова.