Возможно, это изображение дорога

Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы жолунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган жолго узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулду. 

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.