Бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултай башталат. Ага Президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин басма-сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Иш-чара эки күн – 25 жана 26-декабрда өтөт.

Түз эфир УТРК, ЭлТР телеканалдарынын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жеткиликтүү болот.

Түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.