Кечээ 3 баланын энеси өз туулган күнүндө көз жумду. Ал мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Жубайлар сот аркылуу окуя болгон күнү ажырашканы айтылууда. Бул кылмыш коомчулукта чоң талкууга кабылды. Аялдардын коопсуздугу барган сайын ыдырап баратканын айткандар көп болду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча пикирин мындай билдирди?
- Кечээ үч баланын энеси мыкаачылык менен өлтүрүлгөн трагедияны жалпы өлкө кабыргасы кайышуу жана нааразычылык менен кабыл алды. Эркек, ата жана мамлекеттин өкүлү катары – мындай кылмышка актоо жок жана болушу мүмкүн эмес деп ачык айтам.
Бир адамдын өмүрү мыкаачылык менен кыйылган учурда “үй-бүлөлүк конфликт”, “эмоция”, “алкоголь” же “жеке мамиле” деген сыяктуу сөздөрдүн эч кандай мааниси жок. Болгондо да аял, болгондо да эне өлтүрүлдү. Бул тиричиликте боло турчу уруш эмес. Бул киши өлтүрүү.
Мамлекет аялдарды жана балдарды катуу коргоого алууга милдеттүү жана алат. Аялга кол, алтурмак курал көтөргөн ар бир жаран түшүнүшү керек: жоопкерчилик катаал болот жана андан качып кутулуу мүмкүн эмес.
Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө, күнөөлүүгө мыйзам жеңилдик бербейт. Бул принципиалдуу позиция. Отчет үчүн эмес, адилеттүүлүк жана биздин жарандардын коопсуздугу үчүн. Мен каза болгондун балдарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Ошондой эле баары билишин каалайм: мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында болот.