2025-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жеке фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү менен саламаттык сактоо уюмдарын өмүр үчүн маанилүү жана эң зарыл дары-дармектердин тизмесине кирген препараттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыска мөөнөттүү келечекте артыкчылыктуу милдет катары учурда айрым бейтаптар чет өлкөдөн сатып алууга мажбур болуп жаткан эң көп талап кылынган жана өмүр үчүн маанилүү дары-дармектердин тартыштыгын жоюу зарылдыгы белгиленди. Системалуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп, ага 31-декабрга чейин дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды берүү тапшырылды. Ошондой эле жакынкы убакта тартыш болгон препараттарды жеткирүү боюнча практикалык чаралар көрүлүшү керектиги белгиленди.
Өмүр үчүн эң зарыл дары-дармектердин тизмесине кирген дары каражаттарына болгон муктаждыктын өсүшүн жана саламаттык сактоо системасынын масштабын эске алуу менен, үзгүлтүксүз камсыздоону уюштуруу комплекстүү ыкманы жана бардык тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылары айтылды. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишин күчөтүүнү жана оптималдаштырууну, анын ичинде кошумча каржылоону жана сатып алуу механизмдерин өркүндөтүүнү пландап жатат.
Ошону менен бирге, дары-дармектердин 95 пайызына чейинкиси импорттун эсебинен камсыздалып жаткан рыноктун учурдагы түзүмү алсыз экендиги баса белгиленди. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан ата мекендик фармацевтикалык компанияларды колдоо үчүн каржылык инструменттер, анын ичинде Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу насыялык программалар каралып, дары-дармек өндүрүшүн локалдаштырууга багыттоо каралууда.
Министр онкологиялык бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алуу маселесине өзгөчө токтолуп, бул багыт өзгөчө жоопкерчиликти жана абдан кылдат, тең салмактуу чечимдерди талап кыларын белгиледи. Жолугушууда айрым сатып алуулар боюнча клиникалык максатка ылайыктуулук жагынан Саламаттык сактоо министрлигинде олуттуу суроолор бар экени айтылды.
Тактап айтканда, министр «Кыргызфармация» МИ тарабынан тиешелүү коштоочу документтерсиз жүргүзүлгөн «Китруда» (пембролизумаб) онкологиялык препаратынын сатып алуусун мисал келтирди. Сатып алуунун жалпы суммасы болжол менен 80 млн сомду түзүп, алынган көлөм онкологиялык оорунун төртүнчү стадиясындагы болжол менен алты гана бейтапты дарылоого жетери белгиленди.
Мындай ыкмада бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча негиздүү суроолор жаралары айтылды, анткени ушундай эле каржылык ресурстарды оорунун алгачкы стадиясындагы бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алууга багыттоо менен кыйла көп адамды камтып, айыгуу жана өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга болмок.
«Онкологиялык препараттар — бул маркетингдик эксперименттердин же пайда табуунун чөйрөсү эмес. Бул тармактагы ар бир чечим канча өмүрдү реалдуу сактап кала аларынын негизинде бааланышы керек», — деп баса белгиледи министр.
Ушуга байланыштуу этикага жат маркетингге, сатып алуу өтүнмөлөрү менен манипуляциялоого, дарыгерлерге басым көрсөтүүгө жана клиникалык көрсөткүчтөрдү коммерциялык кызыкчылыктар менен алмаштырууга жол берилбестиги белгиленди. Кызматтык кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн шартта дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы бардык мыйзам бузууларга принципиалдуу укуктук баа берилери айтылды.
Көзөмөлдү күчөтүү жана пайдасыз практикалардын алдын алуу максатында дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө системасын киргизүүнү аягына чыгарып, январь айынын аягына чейин толук ишке кириши керектиги тапшырылды. Анын ишке кириши сатып алуудан тартып акыркы керектөөчүгө чейин дары-дармектердин кыймылын ачык көзөмөлдөөгө, препараттардын реалдуу жеткиликтүүлүгүн көрүүгө, муктаждыктарды божомолдоп, сатып алууларды алдын ала пландаштырууга жана тартыштык коркунучтарына ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ушул эле системанын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментине фармацевтикалык рыноктогу өз пайдасын гана көздөгөн катышуучулардын атайын базасын түзүү механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Бул базага мыйзамдарды жана этикалык ишкердик принциптерин бузган субъекттер киргизилет. Мындай базага киргизилүү Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармектерди жеткирүүгө катышууну чектөөгө негиз болот.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр дары-дармек саясаты мамлекеттин жана бейтаптын кызыкчылыгында гана калыптанышы керектигин баса белгиледи.
«Министрликтин милдети — эң сезимтал тармактардын биринде тартип орнотуу. Бул жерде жеке кызыкчылыктарга орун жок. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана бейтаптын кызыкчылыгы гана бар, жана мындан аркы чечимдер дал ушул принциптерге таянат», — деп жыйынтыктады Каныбек Досмамбетов.
Жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, Өмүр үчүн эң зарыл дары-дармектердин тизмесине кирген дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, фармацевтикалык рыноктун ачыктыгын жогорулатууга жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган сунуштарды берүүгө макулдашышты.