Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдагы ажылык сапарга зыяратчылар май айында барышат. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 2026-жылга карата 6060 орун бөлүндү.

Буга чейин муфтият эскерткендей, 20-декабрдан 31-декабрга чейин зыяратчыларды милдеттүү түрдө менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө иштери жүргүзүлөт.

Кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиясына жеткирүү иштери менен Сауд Арабиянын «Flyadeal» авиакомпаниясы алектенет. Мекке шаарында кыргызстандык зыяратчылар акысыз мейманканаларга жайгаштырылат. 

Булак: Баракелде