Бишкек шаарында ушул эле номердеги троллейбус каттамынын ордуна №2 жаңы электробус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-декабрдан баштап жаңы электр автобустары мурда троллейбустар тейлеген каттам боюнча иштей баштайт.

№2 маршрут Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт.