УКМК 17-декабрда Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкөмүр» ААКнын инвесторлору, отун кампаларынын ээлери, ортомчулар жана сатуучулар менен жыйын уюштурду.

"Жыйында Ош облусунун калкын отун менен камсыздоо боюнча учурдагы түзүлгөн кырдаал жана аймактын жашоочуларынын нааразычылыгын жаратып жаткан көмүрдүн баасы боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын катышуучуларына көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрүү аркылуу жарандардын коомдук аң-сезимин манипуляциялоого жол берилбестиги тууралуу эскертүү берилди.

Ошол эле учурда көмүр казуу менен алектенген ишкерлер күз-кыш мезгилинде аларга отун базалары үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин көтөрүп, уюштуруу жана курулуш иштерин каржылоого даяр экендиктерин билдиришти. Бул маселени чечүү ашыкча чыгымдарды, тактап айтканда ортомчулук кызматтарды (көмүр ташуу боюнча) кыскартуу менен көмүрдүн баа саясатына таасирин тийгизери айтылды", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Жыйындын аягында катышуучуларга отун базаларын куруу үчүн Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактарындагы жер тилкелерин трансформациялоо боюнча жогорудагы маселе 2025/2026-жылдардагы жылытуу мезгили аяктагандан кийин карала тургандыгы, ошондой эле жылдын аягына чейин көмүрдүн азыркы учурдагы баасын төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылып, ал сунуштарга көмүр өндүрүүчүлөр жана сатуучулар түшүнүү менен мамиле жасап, макулдугун беришти.

КР УКМК көмүрдүн баа саясаты боюнча каралган мыйзам ченемдеринен тышкары атайылап саботаж жасоо аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.