ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо сабырдуу болууга чакырат.
«Жол эрежелерин сактап, жол жүрүүдө маданияттуулукту көрсөтүңүздөр.
Азыркы учурда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган «Жол эрежесин сактоо — адам өмүрүнүн кепилдиги!» аталышындагы бир айлык иш-чара жүрүп жатат.
Эгерде жол эрежелерин бузууларга күбө болсоңуз, кайдыгер карабай 0777 102 102 ватсап номерине видео же сүрөткө тартып жөнөтүп коюңуз», — деп кайрылышты ЖКККББдан.
Булак: govori.tv